БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын бөлүгүнүн жаңы имаратын ачып, спорт комплексинин курулушун баштап берди.
Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Ташиев атайын бөлүктүн кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн, кайраттуулугун жана патриоттуулугун белгилеп, алардын өлкө коопсуздугун камсыздоодогу ролу чоң экенин билдирди.
Иш-чаранын алкагында "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курула турган спорттук комплекстин пайдубалына капсула салынды.