БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес, бул — киши өлтүрүү! Камчыбек Ташиев "Кабар" агенттигиндеги маегинде мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аял боюнча оюн билдирди.
Ал мындай кылмышка эркек катары да, ата катары да эч кандай шылтоо жок экенин белгиледи.
"Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө, энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү", — деди УКМК төрагасы.
Ал мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргой турганын белгиледи. Аялга курал көтөргөн, ал тургай курал кезеген адам катаал жаза аларын эске салды.
"Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм", — деди Ташиев.
Эске салсак, Бишкекте 23-декабрь күнү 48 жаштагы Ж.У. аттуу аял сот аркылуу ажырашкандан кийин жолдошу аны атып салганы тууралуу кабарланган.