БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу айтып жатып билдирди.
"Аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат. Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук көбөйүүдө. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул — мамлекеттин принципиалдуу позициясы. Эч бир шарт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатын урматтоону үйрөтүүгө тийиш, ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, кордоолорго каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек", — деди президент.
Ал өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилгенин кошумчалады.