Садыр Жапаров ири курулуштарга сарпталган каражат кайдан түшүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жүрүп жаткан ири курулуштарга каражат кайдан алынып жатканын IV Элдик курултайдын катышуучуларына айтып берди.
Өлкө башчы дотацияда отурган бир канча ишканалар кирешеге чыкканын белгиледи.
"Ири курулуштарга эбегейсиз чоң каражат сарпталып жатканы баарыбызга белгилүү. Мынча акча кайдан келүүдө деген суроолор көп болууда. Мен бир эле тармак боюнча кыскача маалымат бере кетейин. Кумтөр кенинен быйылкы эле жылы 678 миллион доллар таза киреше көрдүк. Ал эми соңку үч жылда 2 миллиард доллар таза киреше түштү", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле 2020-жылга чейин киреше бербеген "Кыргыз алтын" быйыл 200 миллион доллар тапты.
"Мурда 300 миллион сомго чейин дотацияда отурган Макмал алтын кени быйыл 670 миллион сом таза киреше берди. "Кыргыз алтындын" былтыр ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды. Каражат кайдан түшүүдө деген суроолордун жообу ушул тармактарда жатат", — деди президент.
Жапаров 2024-жылы калктын жан башына карата ички дүң продукциянын көлөмү 2513 долларга жетип, жумушсуздук 3,7 пайызга чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.
Бишкекте IV Элдик курултай башталды