БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Министерлер кабинетинин токтому менен жаңы жылдык каникул 12-январга чейин узартылганын өкмөт кабарлады.
Маалыматта 8-9-январдагы иш күндөрү башка күндөргө которулбай турганы айтылды.
Демилгени буга чейин Эмгек министрлиги көтөргөн. Анда 8-январдагы иш күнүн 7-февралга (ишемби), 9-январдагы иш күнүн 25-апрелге жылдыруу сунушталган.
Министрлик буга бир нече жагдай себеп болгонун белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл. Мындан тышкары, кышкы туризмден түшө турган кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.
Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы жылдык каникулду узартууну өлкө башчы колдогонун айткан.