Азыркы парламенттин бийлигинин чектелгени, алсыздыгы боюнча кепти төрага четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Парламенттин дагы да болсо мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөй турган функциялары бар. Бул туурасында ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайда айтты.
Ал парламент ар дайым өлкөдөгү негизги бийлик бутагы болуп келгенин белгилеп, бүгүн деле ошол вазийпасын, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жатат деген пикирин билдирди.
"Парламенттин трибунасында өлкөгө, элге керектүү болгон маанилүү чечимдер сөзсүз кабыл алынат. Азыркы парламенттин бийлиги чектелген, алсыз деген сөздөргө кошулбайм. Анткени парламенттин дагы да болсо мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөй турган функциялары бар. Эки мүмкүнчүлүк парламенттин дале күчтүү, дале орду бар экенин айгинелейт", – деди төрага.
ЖК спикери: жыйынга келбеген депутаттын айлыгы кыркылат. Видео