БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Келерки жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.
"Мугалимдердин айлыгын көтөрөлү деп чечтик. Учурда алардын орточо айлыгы 26 миң сом. Келе жаткан жылдын 1-апрелинен тарта 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Айлык мугалимдердин билим деңгээлине, педагогикалык иш тажрыйбасына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмдөрүнө жараша аныкталат. Ал эми шаар жеринде жаш мугалимдин эмгек акысы 36 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна 31 миң сомдун тегерегинде алат. Тоолуу аймактарда, райондордо 30 жылдык эмгек тажрыйбасы бар математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 800 сомду түзсө, 1-апрелден тарта 97 600 сомго жетет", – деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент 1-апрелден тарта дарыгерлердин орточо айлыгы 31,5 миң сомдон 62,5 миң сомго чейин көтөрүлөрүн айтты. Мындан тышкары, маданият кызматкерлери менен машыктыруучулардын да маянасы жогорулайт.