Бишкек — Ош жолунда кызды ала качып бараткандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунан кызды ала качып бараткандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда 102 кызматына Т.С. аттуу кызды ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн.
"Тартип сакчылары Бишкек — Ош унаа жолунан сары түстөгү KIA K5 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Салондо кыздан тышкары 31 жана 32 жаштагы эркек кишилер болгон", – деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Видео