БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн жаңы 27 өндүрүштүк ишкана, 67 социалдык мекеме Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайдын жыйынында онлайн тартипте ачылды.
Анын ичинде логистикалык борборлор, сүттү кайра иштетүү цехтери жана асфальт-бетон заводдору бар.
"Мындан тышкары, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана спорт залдардын ачылышы болду", — деди президенттин маалымат кызматы.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылы жалпы жонунан 291 социалдык объект, 119 ишкана ишке кирерин билдирди.