БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан инвестициялык жагымдуулугун россиялык инвесторлор үчүн да айныксыз, туруктуу жогорулатып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Соода өкүлү Кыргызстанга болгон кызыгуунун өсүшү биринчи кезекте узак мөөнөттүү стратегиялык демилгелер менен байланыштуу экенин белгиледи. Россия республика үчүн мурдагыдай эле негизги инвесторлордун бири бойдон калууда. Ал эми салынган инвестициялардын көлөмү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт.
Саманов белгилегендей, россиялык инвестициялардын олуттуу бөлүгү стратегиялык мааниге ээ тармактарга, эң оболу энергетика тармагына багытталган. Россиялык компаниялар энергетикалык инфраструктуранын объектилерин долбоорлоого жана курууга, гидроэлектр станциялары, күн жана шамал электр станциялары үчүн жабдууларды жеткирүүгө жигердүү катышып жатышат.
Ал Кыргызстанда активдүү өнүгүп жаткан маалыматтык технологиялар жана электрондук соода тармагына инвесторлордун кызыгуусу бир топ жогору экенин баса белгиледи. Самановдун айтымында, алдыдагы беш жылда россиялык инвестициялар үчүн негизги багыт катары энергетика тармагы кала берет. Энергетикалык инфраструктура объектилерин куруу жана пайдаланууга берүү маселеси көңүлдүн борборунда болмокчу.
"Инвестиция транспорттук жана логистикалык долбоорлорго келет. Себеби Кыргызстан маанилүү көп жолдордун кесилишинде туруп, логистика боюнча олутуу хаб болуп бара жатат", — деди Саманов.