БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан 20га жакын өлкөгө унаа жана трактордун тетиктерин сатат.
Ушул жылдын 10 айында бул багыттагы экспорттун көлөмү 56,7 миллион долларды түзгөн.
Негизги сатып алуучулар — ЕАЭБге мүчө өлкөлөр. Анын ичинде:
Россия — 27,7 миллион доллар;
Беларусь — 19 миллион доллар;
Бельгия — 8,5 миллион доллар;
Казакстан — 1,2 миллион доллар.
Мындан тышкары, тетиктерди дагы 14 өлкө сатып алат. Алардын арасында Германия, Кытай жана Италия бар.