Кыргыз-Россия бизнес-долбоорлору кандай өнүгүп жатканын айтып беришти

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов эки тараптын бизнес-долбоорлору кандай өнүгүп жатканын айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Самановдун маалыматына таянсак, Россия Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик компаниялардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Республикада россиялык капитал менен 1800дөн ашуун компания каттоодон өткөн.
Ал мындай ишканалардын санынын өсүп жаткандыгына Кыргызстандын россиялык компаниялар үчүн жагымдуу болуп жатканы себеп экендигин белгиледи.
КРдин Соода-өнөр жай палатасынын маалыматтарына таянсак, бул тармакта 700 миңге чукул адам эмгектенет.
"Россиялык компаниялар кыргызстандык ишканаларга кийим тиктиришет. РФтеги маркетплейстер кыргыз продукцияларын өздөрүнүн логистикалык тармактарына жигердүү киргизип жатат. Кыргыз тикмечилери колунан чыккан кийимдерин Россиянын 50дөн ашык шаарларына экспорттошот", — деди соода өкүлү.
Саманов эки тараптуу ири долбоорлорго кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСинин курулушун кошту. Аны РКӨФ менен Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылайт. Ысык-Көл облусуна күндүн нуру жана шамал менен иштеген электр станциялары курулууда.
Ал соңку эки-үч жылдын ичинде биргелешкен ишканалардын саны 70 пайызга өскөнүн билдирди.
Пресс-борбор
Саманов: 2026-жылы IT тармагындагы долбоорлорго арбын көңүл бурабыз