УКМК Jannat жана Sultan мейманканалар тармагынын ээсине издөө салды

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. УКМК "МБЭ Групп" холдингине кирген Jannat жана Sultan мейманканалар тармагынын ээси, ири ишкер М.Б.Эге издөө жарыялады.
Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жардамы менен 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн коммерциялык жайын ээлеп алган деп шектелип жатат. Кылмыш иши үйдүн үлүш ээлеринин кайрылуусунан кийин козголгон. Алар М.Б.Э. жана ага тиешелүү адамдар курулуштун аякташына дагы тоскоолдук кылып жатканын билдиришкен.
УКМК издөөдө жүргөн адамдын мүлкү тартылган видеону жарыялады. Учурда холдингдин башкы директору кармалды.
Юстиция министрлигинин ачык маалыматтарына ылайык, холдингдин ээси Бозулан Мамазаиров болуп саналат.
УКМК төрагасы: Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толугу менен арылды