БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 2026-жылы Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгү IT тармагы боюнча долбоорлорду өнүктүрүү иштерине арбын көңүл бурууга ниет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Самановдун айтымында, Кыргызстанда IT-инфраструктура мамлекеттик жана бизнес деңгээлинде жакшы өнүгүп бара жатат.
Соода өкүлчүлүктүн курамында тармактык адис — санарип боюнча атташе иштейт. Ал Кыргызстандын Санариптик өнүгүү министрлиги менен тыгыз байланышта жана Бишкек мэриясынын тиешелүү бөлүмү менен өз ара иштешүүдө түрдүү долбоорлорду талкуулап, кызматташып жатат.
Ал санариптик кызматтарды интеграциялоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
"Бул багытта өнүгүү жакшы кетип бара жатат. Башкысы, кыргызстандык компаниялар бул долбоорлорго катышуусу керек. Себеби электрондук соода башка мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын рыногуна аралыктан туруп эле чыгып, e-commerce системасында ар кыл аймактар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди өкүл.