Радио

Бейшеев: быйыл "Учкунда" 3,5 млн. окуу китеби басылды

"Учкун" ачык акционердик коомунун өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев ишканада китептер менчик басмаканаларга караганда 2-3 эсе арзан даярдаларын айтты.
Sputnik
Быйыл "Учкун" мамлекеттик басмаканасында өткөн жылдардагыдан 4,5 эсе көп окуу китеби басылды. Бул тууралуу Кубат Бейшеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жагдай басмакананын өндүрүш мүмкүнчүлүгүнүн күчтөнгөнүнө жана 12 жылдык окуу системасы кирип жатканы менен байланыштуу.
"Бизде быйыл 11 айда 3 миллион 516 миң нуска окуу китеби басылды. Жыл аягына чейин дагы 606 миң 761 китеп даярдалат. Ошондо жалпы 4 миллион 122 миңди түзөт. Салыштыра келсек, 2023-жылы 738 миң, 2024-жылы 801 миң окуу китеби басылган. Өткөн жылдарга салыштырмалуу 4,5 эсе көп басылууда. Бул бир чети "Учкундун" өндүрүш мүмкүнчүлүгү күчөтүлгөнүнө, экинчи жагынан жаңы 12 жылдык окуу системасы кирип жатканына байланыштуу. Ошондой эле 2023-жылдары жаңы адистерди өзүбүз үйрөтүп, даярдаганбыз. Ушул нерсе да өз жемишин берүүдө. Бизде китеп басып чыгаруу менчик басмаканаларга караганда 2-3 эсе арзан. Анткени саны көп, сапат да жакшы, үчүнчүдөн, кагаздарды үч жылдан бери россиялык өндүрүүчүдөн өзүбүз түз алып келип жатабыз", — деди Бейшеев.
Ошондой эле ал басмакана китептерди эл аралык стандартта даярдай турганын кошумчалады.