БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Келерки жылы Украина АКШдан 2022-жылдан тарта берилип келе жаткандан берки эң аз аскердик жардам алат жана ал мурдагыдай миллиарддаган каражаттын агымына үмүт артпай эле койсо болот. Бул туурасында РИА Новости Америка өкмөтүнүн документтерине таянып жазды.
Келерки жылы Киев АКШдан жаңы курал-жарактарды сатып алуу боюнча USAI (Ukraine Security Assistance Initiative) программасынын алкагында болгону 400 миллион доллар алат. Бул маалыматтар 2026-финансылык жылга карата коргонуу бюджети тууралуу кабыл алынган мыйзамда көрсөтүлгөн. Ошол эле документке ылайык, 2027-жылы да Украинага ушундай эле көлөмдө 400 миллион доллар бөлүнөт.
2026-жылы Киевди колдоого бөлүнгөн каражаттын рекорддук деңгээлде аз болушу — АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын мамилесинин натыйжасы. Ак үйдүн башчысынын Вашингтон мындан ары салык төлөөчүлөрдүн акчасын Украинага коротпой турганын айткан жайы бар. Тескерисинче, курал-жаракты НАТО боюнча өнөктөштөрүнө кадимки баасында сатып, алар аркылуу Украина Куралдуу күчтөрүнө өткөрүп берерин бир нече жолу билдирген.
Салыштыруу үчүн айтсак, Конгресс былтыр апрелде кабыл алган Киевге жардам берүү пакети ошол эле USAI программасынын алкагында 14 миллиард долларды чапчыган.
2022-жылдын башынан тартып 2025-жылдын үчүнчү кварталына чейин Вашингтон Киевге жалпысынан болжол менен 128 миллиард доллар багыттаган. Бул маалыматтар Украинаны колдоо программалары боюнча башкы инспектордун жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Украинага эң ири көлөмдө жардам көрсөткөн эки мекеменин отчетторунда жазылган.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына жана башкы инспектордун бир катар отчетторуна таянсак, 2022-жылдын февралынан 2025-жылдын ортосуна чейин АКШ Украинага дээрлик 70 миллиард долларлык курал-жарак жөнөткөн. Ушул жылдардын ичинде Украинанын мамлекеттик бюджетинин төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыздоого Вашингтон болжол менен 54 миллиард доллар бөлгөн. Бул сумманын ичинде 2024-жылдын декабрында Дүйнөлүк банк аркылуу берилген 20 миллиард долларлык насыя да бар. Калган дээрлик төрт миллиард доллар аталган өлкөгө гуманитардык жардам катары берилген.
Ал эми башкы инспектордун акыркы отчетуна ылайык, АКШнын Конгресси Украинага жана ага байланышкан программаларга, анын ичинде "Атлантикалык чечкиндүүлүк" операциясына, жалпы жонунан 187 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
Трамп анын өлкөсү эми Украинаны колдоп-коргоого акча бөлбөстүгүн, болгону согушту жөнгө салууга кадам таштай турганын бир нече ирет айткан.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка аралаштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.
Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы жакшы болбой турганын бир нече ирет белгилеген.