Курултайга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана башка мамлекеттик ишмерлер катышты.
Мамлекет башчысы элге кайрылуу жасап, Элдик курултай демократиянын негизи жана аянтчасы экенин белгиледи.
"Так ушул аянтчада ар бир аймактын, ар бир тармактын, ар бир жамааттын үнү мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына жетип, бирдиктүү чечимдер кабыл алынат. Элдик курултай – бул бийлик менен элдин ортосундагы ишенимдин таянычы болуп баратканынын далили. Мамлекеттик бийлик эл менен кеңешип, анын талап-пикирлерине кулак салып, андан кийин чечим кабыл алып жатканын көрсөтөт", — деди Жапаров.
Делегаттар билим берүү, суу менен камсыздоо, айыл чарбасы, коррупция, экология, жолдордун абалы жана башка маанилүү маселелерди көтөрүшүүдө.
IV Элдик курултай эки күнгө созулат. Бул убакыттын ичинде катышуучулар актуалдуу маселелерди жана сунуштарды талкуулай алышат. Эртең президент бардык кайрылууларга жана суроолорго жеке өзү жооп берет.
Белгилей кетсек, Элдик курултай — өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берген жыйын. Анын негизги максаты — эл бийлигинин негиздерин чыңдоо, жарандык коомду консолидациялоо, аймактык көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу.
Тема боюнча: