БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкекте 6 миллиондон ашык акча каражатын алдамчылык менен ээлеп алууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы М.А. аттуу жаран өзүн банк жана уюлдук компаниялардын кызматкери катары тааныштырып, "акча каражаттары уурдалышы мүмкүн", "насыя алынып жатат" деген түрдүү шылтоо менен Л.И. аттуу жарандын 6 миллион 500 миң сомун ээлеп алган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.