БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкекте IV Элдик курултай гимнди аткаруу менен башталды.
Ага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардан турган 690 делегат катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү педагогдор (160) менен юристтер (163) экени айтылды.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчуев курултай институту коомдо өз ордун тапканын билдирди.
"Башында "парламент турса курултайдын эмне кереги бар" деген сөздөр болгон. Анын зарылдыгы боюнча арсар болгондор бар эле. Азыр курултай институту коомубузда өз ордун тапты, анын мааниси артып барат. Курултай аркылуу элдин үнүн бийликке жеткирип жатабыз", — деди мамкатчы.
Курултайга президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн мүчөлөрү дагы катышууда.