26-декабрга карата аба ырайы

26-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 26-декабрь, жума күнү, айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0...-5 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +4...+6 градуска жетери айтылды.
Жапаров: адилетсиздиктен кабарым бар, бизнеске көп жеңилдик беребиз