«Агент келин» — күлкү, күтүүсүз окуя жана жаңы жылга жагымдуу маанай

Sputnik
"Стоп кадр" бул жылдагы соңку чыгарылышын комедиялык жанрдагы тасма менен жыйынтыктоону чечти. Бүгүн, 25-декабрдан тарта, бардык кинотеатрларда жаңы комедиялык тасма — «Агент келин» көрсөтүлө баштайт! Аталышы эле айтып тургандай келин "агент" болот деп айтышты кино жаратуучулар. Аталган фильм жакындар менен жаңы жылда бирге көрүүгө эң сонун комедиялык тандоо!Баса, ошондой эле тасманын продюсери Эркин Барпиев жакында эле Москвада өткөн «Бриллиантовая бабочка» Евразиялык киносыйлыгын тапшыруу аземине катышып келгендигин жана кыргыз киносунун келечеги кең экенине ишеними бекемдигин кошумчалады.