Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?

Sputnik
Ысык-Көл бир жагынан кыргыз элинин сыймыгы болсо, экинчи жагынан глобалдык экологияга өзгөчө таасири бар маанилүү суу бассейни. Бардык эле баалуу нерседей Ысык-Көл да аяр мамиле талап кылат. Биз аны тийиштүү камкордук менен колдонуп жатабызбы башкы суроо учурда ушул. Бүгүнкү берүүдө Ысык-Көлдүн экологиялык абалы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.