Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров жеке ишкерлерге көңүл бурарын жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын Элдик курултайда сүйлөп жатканда айтты. Ал 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн улуттук программасынын дагы бир артыкчылыгы чакан жана орто бизнести колдоо экенине токтолду. Максат ар бир адамга келечекке чоң ишеним менен карап адал эмгектенүүгө, татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү экенин белгиледи. Президенттин айтымында, Кыргызстанда кийинки жылы бизнеске көптөгөн жеңилдиктер берилмекчи. "Азыр ашыкча текшерүүлөргө, айрым учурда адилетсиздикке туш болуп жаткан ишкерлер бар. Алардан кабарым бар. Жаңы жылдан кийин күч түзүмдөрү, салыкчылар менен бизнес-чөйрөсүн чогултуп, биргеликте чечим кабыл алабыз деген планым бар. Бизнеске көптөгөн жеңилдиктерди беребиз", — деди президент. Мамлекет башчы бул жааттагы статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду. 9 айдын жыйынтыгы менен аталган сектордо олуттуу өсүш болуп, 6 41 миллиард сомду түзгөн. Учурда бул жааттагы ишканалардын саны 20 миңге жетсе, бүгүнкү күндө аларда 617 миң адам эмгектенет.
Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес, бул — киши өлтүрүү! Камчыбек Ташиев "Кабар" агенттигиндеги маегинде мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аял боюнча оюн билдирди. Ал мындай кылмышка эркек катары да, ата катары да эч кандай шылтоо жок экенин белгиледи. "Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө, энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү", — деди УКМК төрагасы. Ал мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргой турганын белгиледи. Аялга курал көтөргөн, ал тургай курал кезеген адам катаал жаза аларын эске салды. "Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм", — деди Ташиев. Эске салсак, Бишкекте 23-декабрь күнү 48 жаштагы Ж.У. аттуу аял сот аркылуу ажырашкандан кийин жолдошу аны атып салганы тууралуу кабарланган.
АКШдагылар эгер Украинадагы кармаш жыйынтыкталса, анда ал жакынкы 90 күндүн ичинде аякташы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер айтканын РИА Новости жазды. "Эгерде бүтө турган болсо (согуш — ред.), анда 90 күндүн ичинде аяктайт", — деген ал Fox News телеканалына берген интервьюсунда. Буга чейин Уитакер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө катышкандар 20 пунктулук тынчтык планын кошкондо төрт документти талкуулаша турганын билдирген эле. Алардын ичинде коопсуздукту ар тараптан камсыздоо кепилдиги жана АКШ тарабынан болгон коопсуздук кепилдиги жана тынчтыкка жеткенден кийинки экономикалык гүлдөп-өнүгүү кадамдары барын да белгилеген.