2025-жыл ишкерлер үчүн кандай болду? — мыйзамдык өзгөрүүлөр, салык системасы, мамлекеттик колдоо

Sputnik
Быйыл Эл аралык ишкердик кеңештин түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Бул уюм Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун үнүн бириктирип, мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосунда ишенимдүү диалогду калыптандырууда маанилүү роль ойноп келет. Чейрек кылым ичинде Эл аралык ишкердик өлкөнүн эң абройлуу бизнес-ассоциацияларынын бири болуп, ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, инвестициялык климатты өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өсүшүнө олуттуу салым кошту. Ушул мааракелик маалда биз Эл аралык ишкердик кеңештин бүгүнкү ролу, жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы максаттары тууралуу маектешебиз.