Жогорку Кеңеш 2026-жылга карата республикалык бюджетти кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн парламент жалпы жыйынында 2026-жылга карата республикалык бюджетти кабыл алды.
Жалпы киреше 551,2 миллиард сом, чыгаша 550,7 миллиард сомду түздү. 436,4 миллион сом көлөмүндө профицит болору күтүлүүдө. Ички дүң продукция 2 триллион 67 миллиард сомду түзөт.
Ал эми өтүп бара жаткан жыл төмөнкүдөй жыйынтыкталган:
киреше — 430,2 млрд сом;
чыгаша — 405,9 млрд сом;
профицит — 24,3 млрд сом.
Бюджет 1 трлн. сомдон ашары күтүлүүдө. Касымалиев өлкө жетишкендиктерин санады