БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россия кол салат дей берип Евробиримдик шылдыңга кабылууда. Мындай пикирин Польшанын экс-премьери Лешек Миллер соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Ушу тапта ЕБ бир эсе аянычтуу, экинчи жагынан күлкүлүү абалда. Реалдуулукту эске албай паникага алдырып жиберди. Жөндөмүн, мүмкүнчүлүгүн талдап чыгуунун ордуна орунсуз сөзү менен кырдаалды курчутуп жатат. Ырааттуу саясат жүргүзбөстөн, эртең курмандыкка чалынып кетчүдөй кадамдарды таштоодо. Евробиримдик стратегиясын калкын коркутууга алмаштырып алгандай. Жыйынтыгында шылдыңга кабылууда", — деп жазган саясатчы.
Миллер мындай билдирүүсүн АКШнын Улуттук чалгын кызматынын башчысы Тулси Габбарддын Евробиримдик Украинада тынчтык орнотуу аракетине тоскоол болууда дегенинен кийин жасаган. Анын айтымында, Москванын дарегине айтылган киненин коопсуздукту камсыздоого эч кандай тиешеси жок, тескерисинче, ЕБдин "акылынын аздыгын" айгинелөөдө.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Габбард карамагындагы структуралар Россия Европаны басып алууга умтулат деген кептерге ишенерин четке каккан. Ал мындай билдирүүлөрдү АКШнын украин жаңжалын токтотуу боюнча аракеттерине бут тосуу деп атаган болчу.
Россия президенти Владимир Путин Европага согуш ачуу ниети жок экенин, бирок өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына доо кетире турган аракеттер көз жаздымда калбай турганын бир нече ирет айткан. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров 11-декабрь күнү Россия НАТО жана ЕБ мамлекеттерине каршы эч кандай план түзбөгөнүн, Москва берилген кепилдиктерди документ менен бекитүүгө даяр экенин билдирди.