БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чүй облусунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду курулушун каржылаган Шамшы чакан ГЭСи ишке берилди. Бул тууралуу фонд башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Былтыр октябрда башталган курулушка РКӨФ бир миллион доллар бөлгөн.
Кубаттуулугу 1,7 мегаватт болгон жаңы ГЭС жылына болжол менен 10 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, Чүй районунун электрге болгон муктаждыгынын 12 пайызын жабат.