БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Москванын түштүгүндө болгон жардыруудан үч адам каза болду. Алардын экөө — Жол-патрулдук кызматтын өкүлдөрү. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Тергөө комитетине шилтеме берип билдирди.
"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын эки өкүлү полициянын машинасынын жанынан шек жараткан адамды көрүшкөн. Алар аны кармоо үчүн жакындаганда жардыруучу зат иштеп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Окуянын кесепетинен полициянын 24 жана 25 жаштагы лейтенанттары Илья Климанов менен Максим Горбунов каза болгон. Горбуновдун артында жубайы жана тогуз айлык кызы калды. Маркумдардын үй-бүлөсүнө жардам берилет.
Жардыруу шаршембиге караган түнү Елецкая көчөсүндө болгон. Тергөөчүлөр күбөлөр менен иштеп, видеокөзөмөл камераларын текшерип жатышат.
Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.