Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чүйдө 17 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди.
Милиция кызматкерлери Honda үлгүсүндөгү автоунааны Сосновка айылынан токтотушкан. Салондо кыздан тышкары дагы алты адам болгон. Алардын эң кичүүсү 16да болсо, эң улуусу 30 жашта.
"20 жаштагы бала таанышы менен сүйлөшүп алып, ижарага машина алган. Ошол унаа менен кызды үйүнүн жанынан ала качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Үйлөнөм деген жигит менен кошо дагы 2 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Ажырашкан соң атып салган... Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды