Кийинки жылы Кыргызстанда 36 мектеп курулат

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2026-жылы Кыргызстан боюнча 36 мектеп куруларын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары, кооптуу абалдагы окуу жайлар толугу менен оңдоп-түзөлмөкчү.
"12 жылдык окууга өтүү реформасы, билим берүү системасын санариптештирүү жана окуу программаларын жаңыртуу уланып жатат. Бардык окуу китептери электрондук китепканада жеткиликтүү болот. Биринчи жолу мамлекет өлкө ичинде окуу китептерин чыгарууга 1 миллиард сомго жакын каражат жумшады, бул ички өндүрүштү бекемдөөгө жана тышкы жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берди", — деди өкмөт башчы.
Касымалиев президенттин ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо боюнча тапшырмасы аткарылып жатканына да токтолду. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасына "Алтын казык" 12 жылдык программасынын алкагында кошумча колдоо көрсөтүлүп, бул жумушчу кесиптердин кадыр-баркын жогорулатууга жана квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты канааттандырууга өбөлгө түзөрү кошумчаланды.
Байсалов: бүтүрүүчүлөрдүн баарынан кыргыз тилин өздөштүрүүнү талап кылабыз