Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин ЖМКлары Киевдин сунуштаган тынчтык планын жарыялашты. Эмнелер камтылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Украин ЖМКлары Киевдин сунуштаган тынчтык планын жарыялашты. Чоо-жайына РИА Новости талдоо жүргүзгөн.
Украина аскер күчүн чыгарууну каалабайт, бирок Россиядан Днепропетровск, Николаев, Сумы жана Харьков облустарынан чыгып кетишин талап кылат;
Украина ЕБге мүчө болот, муну менен бирге НАТО уставынын бешинчи беренесине ылайык, АКШдан, альянстан жана Европадан коопсуздук кепилдиктерин алат;
Украина президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоо өткөрөт, бирок убакыт-сааты такталган эмес;
Украина өзөксүз өлкө макамын бекитет;
АКШнын сунушу менен Донбасста эркин экономикалык аймак уюштурууга макул боло алат. Бирок бул үчүн Украина өзү көзөмөлдөгөн аймакта референдум өткөрүшү керек. Добуш берүүгө бир пункт эмес, жалпы келишим чыгарылат;
Запорожье АЭСи Вашингтон менен гана биргеликте көзөмөлдөнөт;
Москва менен Киев кол салбоо боюнча келишимге кол коет, бирок анын принциптери украин эмес, россиялык мыйзам менен бекитилет;
Украина ЕБдин азчылыктын эне тилин коргоо боюнча эрежелерин киргизип, түшүнүшүүчүлүккө негизделген билим берүүчү программаларды жайылтууга милдеттендирилет.
Деген менен планда орус тилинин макамы тууралуу так эч нерсе айтылган эмес. Мындан тышкары, Донбасс менен Крымдын таанылышы, НАТОго мүчөлүктөн баш тартуу жана Батыш тарабынан тоңдурулган РФ активдерин пайдалануу планы тууралуу эч нерсе жок.
Маалыматта документти журналисттерге Владимир Зеленский көрсөткөнү айтылат.

АКШ сунуштаган тынчтык пландын талкууланышы

Декабрдын башында Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Тараптар планды беш саатка чукул талкуулап, орток пикирге келе алышкан эмес.
Кийинчерээк россиялык президент Вашингтон 27 пунктудан турган планды төрт бөлүккө бөлүп, ар бирин өзүнчө талкуулоону сунуштаганын билдирген. Владимир Путин ар бирине көз чаптырып чыкканын, анда Москва макул болбой турган жерлер да бар экенин белгилеген.
Андан кийин Берлинде АКШ менен Украина делегацияларынын жолугушуусу өткөн. Жыйынтыгы менен Батыш мамлекеттери Украинага НАТО уставынын бешинчи беренеси боюнча коопсуздук кепилдигин берүүгө макул болгону айтылган. Анын ордуна америкалыктар Киевден аймактардан баш тартуусун талап кылганы маалымдалган болчу.
Өткөн дем алышта Россиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев Майамиде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүнүн дагы эки раундун өткөргөнү кабарланды. Кремль РФ өкүлүнө Вашингтондун Украина жана Европа менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилмектигин белгилеген. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Москва алган маалыматтардын негизинде кийинки кадамдарын аныктап чыгат, бирок аны ачыктабайт.
Орбан: РФ менен АКШнын Украина боюнча сүйлөшүүсү тынчтыкты орнотушу мүмкүн