БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кеминде Кыргызстандагы алгачкы күн электр станциясы ачылды.
Салтанатка өлкө президенти Садыр Жапаров катышкан.
230 гектар жердеги станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт. Долбоор кытайлык инвестордун катышуусу менен ишке ашып, жалпы жонунан 56 миллион доллар салынган.
Жапаров өндүрүштүн ачылышында бул Кыргызстан үчүн тарыхый күн экенин белгилеп, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү республиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине токтолду.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев станция Токмок менен Кемин районун электр кубаты менен камсыздай аларын айтты.
"Кемин району ушу тапта 25-30 мегаватт электр энергиясын керектейт. Ушул эки аймакты күндүз электр кубаты менен жаңы ачылган станция камсыздайт. Бул акыркы эки жылдагы кургакчылыктын шартында өтө маанилүү. Станция гидроэлектростанциялардын жүгүн жеңилдетип, Токтогул суу сактагычында суу топтоого мүмкүнчүлүк берет", — деди министр.