Караколдо фрирайд боюнча эл аралык турнир өтүп, 20 өлкөдөн лыжачылар келет

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы 15-16-17-январь күндөрү ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге фрирайд боюнча эл аралык турнир өткөрөт.
Аталган компаниянын маалыматына караганда, 15-январь күнү Каракол лыжа базасында катышуучулар үчүн даярдык машыгуулары жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Негизги мелдеш 16-январда "Ала-Тоо Резорт" курорту курулуп жаткан аймакта болот.
"Турнирге кыргызстандык спортчулар менен катар 20га жакын өлкөдөн келген лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү катышат. Алар үйрөнчүктөр, кесипкөй спортчулар жана аялдар категорияларында күч сынашат", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары таанытуу, экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
Кыргызстан туризм боюнча сынактан 1-орунду алды