Днепрден Карпатка чейин: Кызыл армия Украинаны бошотууга киришкен күн

1943-жылы, туура мындан 82 жыл мурун, Кызыл армия Украинанын оң жээгин бошотууга киришет. Днепр-Карпат стратегиялык операциясы Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири жана ийгиликтүү кампаниялардын бири катары тарыхта калды.
Sputnik
Сол жээктеги жеңилүүдөн кийин немецтер мындай оор сокку уруларын күткөн эмес. Советтик төрт фронт, артынан 2-Беларусь фронту чабуулду кокусунан баштаган. Декабрдын соңунда 1 жана 2-фронттор душмандын коргонуусун жарып өтүп, Житомир, Бердичев жана Кировоградды бошотуп алышкан.
Немецтик күчтөрдүн эң ири тобунун талкаланышы "Кичи Сталинград" деген аталыш менен белгилүү. Ошол эле учурда 3 жана 4-фронттор Никополь менен Кривой Рогду бошотуп, душманды сырьелук ресурстан кур жалак калтырган.
1944-жылы мартта Кызыл армия Южный Буг, Днестр жана Пруттан өтүп, Румыниянын аймагына кирет. 1-Украина фронту душманды жарып өтүп, Карпат тоолорун этектеп келет. Немецтик танк дивизиясы курчоого алынат. Чоң жоготууга учурап курчоодон чыгып кеткени менен тирешкен тараптын стратегиялык фронту эки жээкке бөлүнүп калган.
Төрт айдын ичинде Советтик армия Украинанын оң жээгин толугу менен бошоткон. Вермахттын түштүк флангадагы негизги күчү кыйрап, Беларусь ССРи менен Европанын бошотулушуна жол ачылган да, Германия, Италия жана Япония түзгөн коалиция кыйла алсыраган.