Мурда коргоо ордерин алган. Бишкекте өлтүрүлгөн аялга 6 ирет ок атылган

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте өлтүрүлгөн аял буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияга кайрылган. Кечээ ага алты жолу ок атылганын ички иштер органдарындагы булактар кабарлады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ноябрь айында күйөөсү аялды Балыкчыдагы туугандарынын үйүнө алып барып, сабап салган.
"Ж.У. Бишкекке келип, Свердлов районундагы милиция бөлүмдөрүнүн бирине арыз жазган. Ага коргоо ордери берилген, бирок милиция ишти кылмыш болгон жер боюнча Балыкчы шаарына жөнөткөн", — деди маектеш.
Маалым болгондой, 49 жаштагы Б.У. 2019-жылы өзүн коргоо максатында травматикалык тапанча сатып алган. Акыркы учурда ал Бишкектеги фитнес-залдардын биринде машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. Мурда телеканалдардын биринде спорттук рубриканы алып барган.
Жаңы ажырашкан жубайын өлтүрүүгө шектүү экс-милиционер тууралуу эмне белгилүү