БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектелген 48 жаштагы У.Б. аттуу киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, каргаша бүгүн саат 21:00дө Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде болгон.
“1978-жылкы У.Ж. жана 1977-жылкы У.Б. аттуу жубайлар бүгүн сот залында ажырашкан соң уруша кетип, киши 47 жаштагы аялын “МР-79” травматикалык тапанчасы менен атып салган”, — деп билдиришти шаардык милициядан.
Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Буга чейин өздүк булактар берген маалымат боюнча, киши мурун милицияда иштеген жана кызыл камчы болгон. Жубайлардын ортосунда эки баласы бар.