Минкаб апрелден тарта айлык көтөрүлө турган тармактарды тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо, маданият, спорт кызматкерлеринин, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 50 пайыздан кем эмес көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы быйыл бюджеттик персоналдын айрым категорияларынын, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, штаттан тышкаркы жана жарандык кызматкерлердин, ошондой эле мамлекеттик кызматчы категориясына кирбеген айрым кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганын эске салды.
Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн жана аскер, илим кызматкерлеринин, судьялардын, Салык жана Бажы кызматтарынын, Башкы прокуратуранын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Пробация департаментинин жана Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлеринин маянасы көбөйгөнүнө токтолгон.
"2026-жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик, жергиликтүү органдардын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына, күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр 50 пайызга чейин жогорулайт", — деди Касымалиев.
Жогорку Кеңеш 2026-жылга карата республикалык бюджетти кабыл алды