Алгачкы күн электр станциясынын ачылышы видеодо

Долбоор кытай инвесторунун катышуусу менен ишке ашып, жалпы 56 миллион доллар салынган. Станция 230 гектар аянтта жайгашып, жылына 210 млн киловатт/саат электр кубатын өндүрөт. Бул Токмок шаары менен Кемин районун электр энергиясы менен камсыздоого жетиштүү.
Sputnik
Жапаров өндүрүштүн ачылышында жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисине токтолду.
"Күн электр станциясынын ачылышы — өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөдөгү маанилүү этаптын башталышы. Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрбөй калкты жана экономика субъектилерин электр кубаты менен туруктуу камсыздоо мүмкүн эмес экенин түшүндүк", — деди Жапаров.
Ал министрлер кабинети менен инвесторлордун ортосунда жалпы кубаттуулугу 5 гигаваттка жеткен күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча 12 макулдашууга кол коюлганын белгиледи.