Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин аскери тууралуу сөзүнөн кийин ЖМКлар коңгуроо кага баштады

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин жаңжал аягына чыккан соң 800 миң кишиден турган армиясын камсыздай албай турганын моюндашы Киевдин каржылык кыйроосун көрсөтөт. Бул тууралуу кытайлык Sohu жаңылыктар порталына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Зеленский азыр армияны каржылоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып жатат, бул согуш талаасындагы чыныгы абалын моюнга алуу менен барабар. Украина тараптан көтөрүлгөн сүйлөшүү демилгеси эбак эле жокко чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.
Макаланын автору Россия армиясынын чабуулу тынымсыз уланып жатканын белгилеп, бул жагдай Зеленскийдин чечим кабыл алуудагы эркиндигин барган сайын чектеп жатканын айткан. Ошондой эле жакынкы айларда Украина тынчтык келишиминин катаал шарттарына макул болушу мүмкүн экени белгиленет, анткени Москва үстөмдүк кылып, Европанын жардамы чектелүү бойдон калууда.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков фронттогу абал Украинаны азыртан эле сүйлөшүүгө түртүшү керек экенин билдирген. Мындан тышкары, Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин аскер бөлүктөрү олуттуу жоготууга учурап, согушуу жөндөмдүүлүгүн жоготуп жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамптын администрациясына Киевге караганда АКШнын улгайган адамдары маанилүү