БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен эң көлөмдүү интервенция жасап, валюта базарына 179,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды.
Башкы банк рынокко алгач 106,5 миллион, ага удаа эле 73 миллион доллар салган.
Эске салсак, УБ жыл башталгандан тарта сегиз жолу интервенция жасап, жалпы 853 миллион долларды жүгүртүүгө чыгарган. Быйыл башкы каржы мекемеси бир да жолу доллар сатып алган эмес.
Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо үчүн жасайт. Бул негизги курал өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн да пайдаланылат.