БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрү менен тынчтык орнойт деп ишенет. Бул тууралуу ал TV2 телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Америка менен Россиянын сүйлөшүүлөрү Европанын каршылыгына карабай ийгиликтүү аякташы толук ыктымал. Андан соң украиндерди сүйлөшүүгө катыштырып, ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө болот. Ал тургай узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу мүмкүн. Биз муну так айта алабыз", — деди Орбан.
Буга чейин Орбан Венгрия ЕБ менен Россияга Европа коопсуздугунун келечектеги кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштай турганын билдирген.