БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. УКМК 1-январдан тарта ак ниет ишкерлерди текшерүүсүн токтотот. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал Чүйдөгү "Кызыл-Белес" эс алуу комплексинин ачылышына катышкан.
"Жыл башынан тарта ак ниет ишкерлерди колдоо максатында УКМК жана укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу текшерүүлөр токтотулат. Ишкерлерге экономикалык эркиндик берилип, алардын укуктарын коргоо башкы орунда болот", — деген Ташиев.
Ошондой эле УКМК 2026-жылы мамлекеттик органдардагы, өзгөчө финансы, энергетика, тоо-кен, калкты тейлөө борборлорундагы коррупция менен күрөшөрү белгиленген.