Радио

Академик: Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө мамлекеттик орган кылыш керек

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков тоо-кен тармагында туруктуу иш алып барган жумушчу топ түзүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө мамлекеттик орган кылыш керек. Министрликтин ичинде экологиялык маселелер, климат көйгөйлөрү, техникалык көзөмөл, геология, тоо-кен тармагы да бар. Министр мунун баарына жетише албайт. Бул тармак министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик агенттик болуп өзүнчө саясат алып барышы кажет экенин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоо-кен тармагын өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкса бир топ жылыштар болмок.
"Акыркы мезгилде тоо-кен жана металлургия тармагында мамлекет тарабынан бир топ иштер аткарылууда. Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын 9 айында бул тармактан мамлекеттик бюджетке 42 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүч 50 миллиард сомго чейин жетет деген божомол бар. Бул абдан чоң сумма. Бирок ырааттуу саясат жүрүп, туура чечимдер керек. Мисалы, тоо-кен тармагын өнүктүрүү концепциясы абдан зарыл болуп турат. Инженерлерден, илимпоздордон турган туруктуу иш алып барган жумушчу топ түзүү керек. Мындан тышкары, тоо-кен тармагын өзүнчө мамлекеттик орган кылып түзүү муктаждыгы бар. Министрликтин ичинде экологиялык маселелер, климат көйгөйлөрү, техникалык көзөмөл, геология, тоо-кен тармагы да бар. Министр мунун баарына жетише албайт. Ал министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик агенттик болуп, өзүнчө саясат жүргүзүшү кажет", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал кадрдык потенциалды жакшыртууга, илимий изилдөөгө көңүл бурууга басым жасалышы керектигин кошумчалады.