БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Күзүндө баа кескин төмөндөп кеткенде мамлекет дыйкандарды колдоо максатында миң тонна төө буурчак сатып алган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
Министрлер кабинети бул максатка 100 миллион сом бөлүп, мамлекет төө буурчактын килограммын 95 сомдон алган.
"Жаңы жылдан кийин баа көтөрүлөт деп күтүп жатабыз. Индия, Иран, Россия жана Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дубайга сатуу боюнча да пландарыбыз бар", — деди министр.
Министр Талас облусундагы дыйкандарга төө буурчак менен катар эле кант кызылчасын жана сафлор өстүрүүнү сунуштады. Анын айтымында, сафлордон май, жем жана саман алынып, ал мал чарбачылыгы үчүн баалуу тоют болот. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча сафлор майын өндүргөн элүүдөн ашуун чакан ишкана иштеп жатат.