БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Эгер НАТО мамлекеттери менен согуш баштала турган болсо, Россия курал-жарактын бардык түрү боюнча артыкчылыгын көрсөтөт. Мындай пикири менен АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналынын эфиринен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
"Украин жаңжалы ырбап отуруп Россия менен НАТОнун согушуна айланса, Москва негизги тармактар боюнча Батышты бүк түшүрүп коет", — деген ал.
Муну менен бирге Дэвис эксперттик пикирге таянып, согушка тартылышы мүмкүн болгон Улуу Британия тирешүүгө бир нече жума гана туруштук бере аларын белгилеген.
"Бул жалпы Батышка: Франциябы, Германия же АКШбы, баарына мүнөздүү жагдай", — деген подполковник.
Кечээ Германиянын коргоо министи Москванын НАТОго "кол салуусуна" ишенбей турганын билдирген. Анткен менен декабрдын башында альянстын Аскер комитетинин башчысы адмирал Жузеппе Каво Драгоне блок Россияга "эскертүүчү сокку урушу" мүмкүн экенин белгилеген болчу. Анын айтымында, бул "коргонуу үчүн" жасалган кадам болмок.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мындай сөздөрдү Украинада тынчтык орнотуу аракеттерин жокко чыгаруу далалаты деп атаган. Каво Драгоненин билдирүүсү альянстын коргонуу вазийпасынан күмөн санатып, согуш отун тутантууда.
Акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТО катуу активдешип жатканын айтып-деп келген. Альянс улам чегин кеңейтип, муну Россиянын "тизгинин тартып туруу" деп атаган. Москва блок Европада таасирин арттырып жатканына бир нече ирет тынчсыздануусун билдирген. ТИМ Россия НАТО менен ачык диалогго даяр экенин, бирок сүйлөшүү тең ата деңгээлде өтүп, Батыш континентти милитаризациялоо ниетинен баш тартышы зарыл экенин белгилеп келет.