БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында унаа айдаганы үчүн бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунан билдиришти.
Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов
© Фото / пресс-служба Министерства науки, высшего образования и инноваций
Эске салсак, 15-декабрда президент Садыр Жапаров Орозовду "мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабагандыгы үчүн" деген негиз менен кызматтан бошоткон.
Ошол эле күнү кечинде 15-декабрга караган түнү ал Кой-Таш айылынын аймагында мас абалында унаа айдап жүргөнү үчүн кармалганы маалым болгон. Ал кызматтык унаада болгон жана жанында айдоочулук күбөлүгү да жок экени аныкталган.