Кытай ТИМи санкция боюнча Зеленскийдин опузасына жооп кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Украинанын кытайлык жарандарга карата чектөө коебуз деген опузасы туура эмес. Мындай билдирүү менен Кытай ТИМинин өкүлү Линь Цзянь чыкканын РИА Новости жазды.
"Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана эл аралык укуктарды бузган, бир тараптуу жана мыйзамсыз санкцияларга каршы", — деген ал.
Буга чейин Владимир Зеленский Россияга жардам көрсөтүп жатат деп эсептелген жеке адамдарга жана компанияларга, анын ичинде кытай ишканаларына каршы чара көрүү ниети бар экенин билдирген.
Дипломат Пекин өз жарандарынын жана компанияларынын укуктары менен кызыкчылыгын коргой турганын баса белгиледи. Ал украин тарапты бул калпыстыктарын аялдабай оңдоого чакырды. ТИМдин өкүлү Кытай тынчтыктын орношуна өбөлгө түзгөн аракеттерди колдой турганын кошумчалаган.
Ноябрда Линь Цзянь РИАга интервью берип жатып Пекин кармашып жаткан эки тараптын бирине да авиакурал бербегенин, G7нин ага күнөө жабууга кылган аракети орунсуз экендигин айткан эле.
Кытай лидери Си Цзиньпин анын өлкөсү Украина боюнча адилеттүү чечим кабыл алынышын каалай турганын, согуш отун жандырууга себепкер болгон жагдайлардын жоюлушу керектигин билдирген.
Россия менен Кытайдын ТИМ башчылары украин кризисин талкуулашты