Өлкөдө 1,5 жыл аралыгында жүн менен терини кайра иштеткен ири завод курулат

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир жарым жыл аралыгында жүндү жана терини кайра иштеткен ири завод курулат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Мамлекет бөлгөн 100 гектар жерге учурда суу, электр кубаты тартылып, өндүрүштүк канализация тутуму курулууда.
"Инвесторлорго жаңы, заманга бап келген жабдуу, техника коёсуңар, сыртка эч кандай жыт чыкпашы керек деген талап коюп жатабыз. Ал жерде чала иштетилген тери эмес, даяр булгаары чыгарылат. Завод 1,5 жыл ичинде салынып бүтөт", — деген Төрөбаев.
Өкмөт март айында уй менен жылкынын терисин экспорттоодо бажы алымын өзгөрткөн. Жаңы эрежеге ылайык, 31-декабрга чейин теринин тоннасына 50 евродон кем эмес бажы алымы белгиленген. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ставка 100 евродон аз болбойт.
Токмокто жип ийрүү фабрикасы жанданып, Ысык-Атада тери завод курулат