УКМК төрагасы: Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толугу менен арылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толугу менен арылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдөгү сапарында билдирди.
Ал өлкөдө мындан ары УКТ менен байланышы бар деп эч ким жоопко тартылбай турганын, анткени алар жоголгонун белгилеген.
Ташиев ошондой эле коопсуздук жана башка укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге кайрылып, аларды калыс болууга, иш процесси учурунда күнөөсү жок адамдардын тагдырына балта чаап, туура эмес чечим чыгаруудан сак болууга чакырган.
"Бир дагы күнөөсүз адам жоопко тартылып калбашы керек! Силер аны дыкат карагыла. Жок жерден кылмыш токуп, башкалардын тагдырын талкалабагыла. Бул кылмыштуулук. Эгерде биз 100 адамды мыйзамдуу жоопко тартып, бир адамды мыйзамсыз жоопко тартып койгон болсок, анда бардык ишибиздин жыйынтыгы жокко чыгарылат", – деди Ташиев.
Ал күнөөсүз адамды жоопко тартып жыйынтык көрсөткөндөн көрө, эч нерсе кылбай койгон артык экенин кошумчалады.
Көлбаев менен Досоновдун тобун каржылаган деп ишкер кармалды. Видео