Бишкекте Киев жана Токтогул көчөлөрү кайрадан бир тараптуу болот

Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Чүй проспекти ачылгандыгына байланыштуу Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимовдон Эркиндик проспектине чейинки бөлүгү мурдагыдай эле бир тараптуу кыймылга кайтат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда "Бишкек асфальт сервис" зарыл болгон жол белгилерин орнотуп, чийип жатат.
Шаар мэриясы так датаны атабай, жакынкы күндөрү ишке ашарын белгилеген.
Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Видео